7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Франциянын элчиси мектеп программасына француз тилин киргизүүнү сунуштады

26

Кечээ агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Франциянын элчиси Кыргызстандагы жалпы билим берүү мектептеринде француз тилин өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирип, окуучулар үчүн француз тили сабагын окутууга кошумча сааттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Агартуу министри өлкөдө гуманитардык жана тил багытындагы мектептер бар экенин белгилеп, мындай билим берүү уюмдарында француз тилин тандоо сабагы катары киргизүүгө болот деп билдирди. Ошол эле учурда министр француз тили боюнча кыргыз билим берүү тутумуна ылайыкташтырылган окуу-методикалык комплексти алдын ала иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Агартуу министрлиги тарабынан башталгыч кесиптик билим берүү тармагында да кызматташтыкты кеңейтүү сунушталды. Айрыкча, кесиптик лицейлердин базасында француз ашканасын үйрөтүү жана гиддерди даярдоо боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мектептерде француз тилин окутуу боюнча окуу-методикалык программаны иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүгө жана мындан аркы биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу маселесин талкуулоого макулдашышты.

27