7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Франциянын мурунку президенти 5 жылга эркинен ажыратылды

169

Париж соту Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини 2007-жылдагы шайлоо кампаниясын ливиялык каржылоо боюнча иште беш жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу BFMTV телеканалына шилтеме жасап, РИА Новости билдирди.

«Николя Саркози өкүмдүн аткарылыш мөөнөтү жылдырылуу менен беш жылга эркинен ажыратылды. Бул мурдагы президент жакынкы жума ичинде түрмөгө киргизилет дегенди билдирет», – деп айтылат маалыматта.

Сот Саркозини кылмыштуу сүйлөшүүгө катышкан деп буга чейин айыптап, бирок мамлекеттик каражатты уурдоону жашыруу жана пассивдүү коррупция боюнча айыптардан актады.

Айыптоочу тарап мурдагы президентке жети жыл абак жазасын жана 300 миң евро айып пул сураган.

Мындан тышкары, сот башка бир нече фигуранттарды да күнөөлүү деп таап, жаза чараларын белгиледи. Саркозинин администрациясынын башчысы Клод Геан жана бизнесмен Александр Джури алты жылдан, ал эми саясатчы Брис Ортефе эки жыл жаза алды. Акыркысы Саркозинин тушундагы ар кайсы мезгилде Эмгек министрлигин жана ИИМди жетектеген.

Иликтөө 2012-жылы башталып, ошол кезде Mediapart басылмасы Ливия бийлиги Саркозинин президенттик кампаниясына 50 млн евро бергенин аныктаган документтерди жарыялаган.

2016-жылы франко-ливандык бизнесмен Зияд Такиеддин 2006-жылдын аягында 2007-жылдын башында Ливиядан Франциянын ИИМине Саркози башкарып турган ошол учурда 5 млн евро менен чемодандарды алып келгенин айткан. Анын айтымында, акчаны эки ирет Геанга, бир жолу жеке Саркозиге тапшырган. Бирок 2020-жылдын ноябрында Такиеддин бул айыптоолордон баш тарткан.

170