7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Франциянын президенти Макрон Палестинаны өлкө катары таанырын билдирди

29

Франциянын мамлекет башчысы Эммануэль Макрон БУУнун Нью-Йоркто өтүп жаткан жыйынында сөз сүйлөдү. Анда ал Палестинаны мамлекет катары таанырын билдирди.

Анын айтымында, бул чечим Израил менен Палестина элинин ортосундагы тынчтык үчүн кабыл алынды.

«Убакыт келди. Хамастын барымтасындагы 48 адамды бошотууга жана согушту, Газадагы жардырууларды, кыргындарды жана калктын көчүп кетүүсүн токтотуунун мезгили келди.
Андыктан эки элдин тынчтыгы үчүн, илгерки улуу ишенимдүүлүктү сактоо менен бүгүн Франция Палестина мамлекетин тааныды», —  деди ал.

Француз лидери палестиналык радикал исламчыл Хамас кыймылы тарабынан барымтага алынгандар маселесине да, Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий операциясына да токтолду.

Кийинчерээк ошол эле жолугушууда Бельгиянын премьер-министри Барт Де Вевер Монако, Мальта жана Люксембургдун лидерлери менен бирге Палестинаны мамлекет катары тааныгандыктарын жарыялашты.

Улуу Британия, Канада, Австралия жана Португалия Палестина мамлекетин 21-сентябрда тааныган.

Сауд Аравиянын тышкы иштер министри ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауд башкаларды да ушундай кадамга барууга чакырды.

«Биз башка бардык өлкөлөрдү ушундай эле тарыхый кадамга барууга чакырабыз», — деп баса белгиледи ал. Бул чара «эки мамлекеттүү чечимди ишке ашыруу аракеттерин колдоого олуттуу таасирин тийгизет», — дейт ал.

12-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясы Франция менен Сауд Аравиянын демөөрчүлүгү менен Палестина-Израиль чатагын «эки мамлекеттүү чечимге» кайтууга чакырган резолюция кабыл алган. 142 өлкө, анын ичинде Германия макул, он өлкө, анын ичинде АКШ жана Израил каршы добуш берди. Ага мүчө 12 мамлекет калыс калды.

Резолюция ошондой эле Газа тилкесинде Хамастын башкаруусун токтотууну жана 2023-жылдын 7-октябрында туткунга алгандарды бошотууну талап кылат. Израил өкмөтү добуш берүүнү кескин сынга алса, ал эми Палестинанын улуттук администрациясы тескерисинче аны кубаттады.

30