7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол боюнча кийинки дүйнө чемпионаттары кайсы өлкөлөрдө өтөт?

402

2030-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Испания, Португалия жана Мароккодо, 2034 – жылы Сауд Аравияда өтөт. Мындай чечим Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) конгрессинде кабыл алынды.

Бул өлкөлөр чемпионаттын оюндары үчүн 20 стадионду сунуштоодо. Алардын 11и Испанияда, алтоо — Мароккодо, үчөө — Португалияда жайгашкан. Турнирде бирден оюндар Уругвай, Аргентина жана Парагвайда болот.

ФИФА чемпионаттын бул беттештерин 1930-жылы орун алган тарыхтагы биринчи дүйнөлүк чемпионаттын жүз жылдыгын белгилөө үчүн өткөрүүнү туура көргөн.

Белгилей кетсек, 2026-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Канада, АКШ жана Мексикада 11-июндан 19-июлга чейин уюштурулат. Оюндар бул мамлекеттердеги 16 шаарда болот. Финалдык бөлүктө 48 курама команда ойной тургандыгы айтылууда.

Эске салсак, 2022-жылы дүйнө чемпионатын быйыл Америка кубогун уткан Аргентинанын курама командасы жеңген. Испания 2024-жылы Германияда өткөн Европа чемпионатынын жеңүүчүсү аталган.

403