Бүгүн, 14-майда саат 18:00дө Тажикстандын борборунда Өзбекстандын «Насаф» футбол клубу менен Кыргызстандын «Алай» клубу беттешет. Душанбеде кыргыз футболчулары жеңишти багындырышы күтүлүүдө.
Эске салсак Азия Конфедерациялык кубогуна Кыргызстандан 2 клуб катышууда. «Алай» «F» тайпада, «Дордой» «Е» тайпада.
Учурда Тажикстандын борбор калаасы Душанбе шаарында «F» тайпадагы мелдеш жүрүп жатат. Кыргызстандын «Алай» командасы, Өзбекстандын «Насаф» командасы менен беттешет.
Ал эми «Е» тайпадагылардын беттеши Бишкек шаарында, Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.
Анда Кыргызстандын атынан өлкөнүн чемпиону «Дордой», Тажикстандан Кубок ээси «Равшан», Түркменстандан вице-чемпиону «Ахал» командалары беттешет.
Пандемияга байланыштуу, оюнга көрүүчүлөр кирүүгө жол берилбейт. Бирок КТРК спорт каналы түз чагылдырат.