Бишкекте 6-июнда Дөлөн Өмүрзаков стадионунда футбол боюнча Кыргызстан жана Малайзия Улуттук курамалары ортосунда беттеш орун алат.
Аталган оюн 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын квалификациялык экинчи раундунун бешинчи туру алкагында өтөт. Беттеш саат 21:00до башталат. Ал эми, көрүүчүлөр үчүн стадиондун кириштери саат 19:00дон баштап ачык болот.
Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.
Аталган беттешке билеттер ticket.kg, сайтында жана билет операторунун сатуу түйүндөрүндө жеткиликтүү.
Маалымат үчүн:
2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын квалификациялык оюндары үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 курамадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргызстан курамасы Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбэй курамалары менен кошо «D» тайпасында жайгашкан.
Төртүнчү турдун оюндары алкагында Штефан Тарковичтин курамасы тогуз упай менен тайпанын турнирдик жадыбалында 1-орунду ээледи.
Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантат.