7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол: Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалады

524

Эртеңки Кыргызстан — Малайзия футбол боюнча Улуттук курама командалардын беттеши алдында, бүгүн, 5-июнда Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстан курамасынын расмий машыгуусу орун алды.

Машыгуунун старты алдында Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалап өттү.

«Эртең баарыбызды абдан маанилүү оюн күтүп жатат. Сиздердин оюнуңуздар футбол сүйүүчүлөрүнө өлкөбүздөгү футболдун жаркын келечеги бар деген үмүтүн берет.

Азыр бардык өлкөнүн сиздерге көз салып турган кези. Андыктан, эртеңки оюнда жеңишке жетип, Азия Кубогунун жолдомосуна ээ болуп, Дүйнө Чемпионатынын кийинки раундунда өтөбүз деп үмүттөнөм» — деп белгиледи өз сөзүндө КФБ жетекчиси.

 

525