7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гүлнура Таштанбекова Түркиялык спортчудан жеңилип, эми коло үчүн күрөшөт

190

Кыргызстандык Гүлнура Таштанбекова учурда Сербияда өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Бул тууралуу UWW сайтында кабарланды.

Ал 68 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, 1/8 финалдан өтүп, мексикалык атаандашы Дебани Гарсияны жеңди. Чейрек финалда биздин спортчу италиялык Лаура Гадинону да жеңди. Бирок, жарым финалда ал түркиялык Нерсин Баска 6:8 эсебинде утулуп калды.

Гүлнура Таштанбекова чемпионатта коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы Каролина Домашук (Польша) менен Герда Барцтын (Германия) беттешинин жеңүүчүсү болот.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын дагы бир өкүлү Нурзат Нуртаева жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалды жеңип алганы жарыяланган.

191