7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Үгүт иштерине жаш балдарды колдонууга болбойт!” Тыюу салынган талаптар

782

Үгүт учурунда талапкерлер менен партияларга эмне кылууга тыюу салынган? Бул суроого БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев жооп берди.

Анын айтымында,  материалдарды маданий жана архитектуралык эстеликтерге тиешелүү имараттардын фасадына, дарактардын сөңгөктөрүнө илүүгө болбойт. Үгүт иштерине жашы жете элек балдарды колдонууга тыюу салынат.

БШКнын эки расмий эскертүүсү: эгер талапкер эрежени бузса, ал дисквалификацияланышы мүмкүн. Эгер партиялардын үгүт иштеринен мындай аракеттер байкалса, аны шайлоо өнөктүгүнөн да четтетүүгө туура келет. Бул талаптар шайлоо алдында, шайлоо күнү жана шайлоодон кийинки жыйынтык расмий чыкканга чейин катуу көзөмөлдөнөт.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир округда, 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783