Министрликтин маалыматына ылайык, Японияда улгайган жарандар рекорддук ченге жетти. Желгиликтүү ММКлар жазган маалыматка ылайык акыркы айда, 65 жаштан жогорку жарандардын саны 36,4 млнго жеткен. Бул жалпы калктын 29, 1%ын түзөт.
Бүгүн, сентябрдын соңку дүйшөмбү күнү, Японияда улгайган жарандардын майрамы болуп эсептелет, анын урматына бул күн дем алыш.
Бир жыл ичинде, 65 жаштан өтүп, улгайгандардын катарына 220 миң жаран кошулган. Өлкө ичиндеги эркектердин 26%ы, аялдардын 32%ы улгайгандар болуп саналат.
Япония пенсия курагына чыгып иштегендердин саны боюнча да дүйнөдө алдыңкы орунда. Ушул убакта 9 млндон ашуун пенсионер иштеп жатат.