7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гаитинин президенти өзүнүн резиденциясында атылып каза болду

667

Кечээ, Гаитинин президенти Жовенель Моиз өзүнүн резиденциясында атылып каза болду. Жубайы Мартин Моиз оор жаракат алып чет өлкөдөн дарыланууга жиберилген менен, көп узабай көз жумган.

Окуя 6-июлдан 7-июлга караган түнү катталган. Учурда Гаитиде өзгөчө кырдаал жарыяланды. Өлкөнүн премьер-министри Клод Жозеф, Президенттин резиденциясына кол салгандар испан тилинде сүйлөшкөндүгүн кабарлаган.

РИА новости, кылмышка шектүү калмалгандыгын жазат. Алгачкы тергөөдө маалым болгондой Президентке кол салуучулар 10дон ашык болгон жана алар бир нече чет тилде сүйлөшкөн.  Кол салуучуларды жалдоого Гаитиде обройлуу, наркотрафик менен иштеген ишкер болушу мүмкүн деп жазылат.

Жовенель Моиз — 2017-жылдан бери Гаитинин президенти болуп келет. Жергиликтүү ММКлар берген маалыматка ылайык, анын мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын февраль айында токтошу керек эле. Алардын Конституциясында президент 2 жолку мөөнөткө шайланбайт. Бирок Моиз Конституциянын нормаларын бузуп, сентябрда  шайлоо өткөрүп, бийлигин сактап калуунун камылгасын көрүп жаткан.

Гаити дүйнөдөгү эң криминалдашкан жакыр өлкө. Бир топ жылдан бери ички саясий туруксуздук өкүм сүрүп турган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

668