Шотландиянын Beasdale вокзалынын жанында жайгашкан эки бөлмөлүү жайлуу үй сатылат. Бул «Гарри Поттер» тасмаларындагы Hogwarts Express фонуна айланган үй 235 000 фунтка бааланууда. Бул тууралуу DailyMail басылмасы жазып чыкты.
Jacobite темир жол линиясы Гарри Поттер жана анын досторун сыйкырчылык мектебине алып барчу Хогвартс экспрессинин каттамы болгон. Станция дагы эле Глазгодон Маллайгга чейинки линия боюнча каттамдарга чыгат.
Жарнаманы жайгаштырган Unique Property Company компаниясы буга чейин «мындай романтика жана кызыктуу окуя» менен үй сунуштабаганы менен сыймыктанат. Коттедж темир жол тарыхынын бир бөлүгүн камтыйт. Ошондой эле, Шотландиянын батыш жээгинин укмуштуудай көрүнүшү, станциядан 20 мүнөттүк жөө жерде бийик тоолуу көл бар.
Үйдүн ичинде эки уктоочу бөлмө, жуунучу бөлмө жана чатыр бар. Ашкана баштапкы станциянын белгисин жана түстөрүн сактап калган.
Үйдүн жаңы кожоюну анын жанынан жайкысын күнүнө төрт жолу, ал эми күзүндө бир жолу өтүүчү Jacobite Expressке кыш мезгилине жабылганга чейин көнүшү керек. Жарнамада айтылгандай, бул уникалдуу мүлк темир жол тарыхынын бир бөлүгүнө ээ. Ошондой эле, ал Гарри Поттер менен байланышкан сыйкыр атмосферадан ырахат алуу мүмкүнчүлүгүн берет.