Кече 28-апрелде, эрте менен саат 11:30да, Баткен жана Согди облус башчылары Өмүрбек Суваналиев менен Раджоббой Ахмадзода чектеш аймактардагы элдин коопсуздугун сактоо, облустар аралык алаканы жандантуу максатында жолуккан.
Алар соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, Баткен жана Согди облустарынын ортосунда кол коюлган 10пункттан турган кызматташуу протоколун ишке ашыруу үчүн Баткен жана Согди облустарынын чек арасында жайгашкан чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларын ачуу маселесин тездетүү боюнча, эки мамлекеттин Өкмөт башчыларына сунуштарды берүүнү сүйлөшүшкөн болчу.
Жолугушуунун соңунда Баткен жана Исфара райондорунун акимдери «Ак-Суу» дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын (головной)айланасындагы маселелерди жеринде чечүү үчүн,облус башчыларынын тапшырмасы менен аймакка барышкан.
Бирок эки район башчылары бир пикирге келе алышкан эмес. Ага Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын Кыргызстандын аймагында жайгашкан электр мамычаларына тажик тараптан орнотулган видео камераларды алуу боюнча тапшырмасын Тажикстандын Исфара районунун акими Баховидин Баходирзода аткаруудан баш тартканы себеп болгон.
Ал эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин да сунуш пикирлерине макул болбой, натыйжада пикир келишпестиктер жаралып,жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр чатак орун алган. Исфара районунун акиминин мындай мамилесинин себеби азырынча белгисиз.
Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.