Тажик тарап Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы башкы суу алуу түйүнүнө жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага орноткон видео көзөмөлүн алмай болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы учурдагы кырдаалга таянып маалымдады.
Анын айтымында, учурда жеринде аракеттер көрүлүүдө. Ак-Сай менен Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары камералардын алынышын күтүп жатышат. Алар алынгандан кийин эртең облус жетекчиси менен жолугушууну көздөшүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ташбаран күч алган. Учурда абал туруктуу.