7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гуманитардык жардам да берилет. Кыргызстан куткаруучуларын Түркияга жөнөттү (Фото)

968

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 6-февралда, жер титрөө катталган Түркия Республикасына кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кетти.

Куткаруучулар 15 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы.

Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, медицина кызматкерлери, психологдор, кинолог бар.

Белгилей кетсек, жакынкы арада Түркия Республикасына гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

969