7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ханзаада Рахим Ага Хан V Кыргызстанга келди

17

Кыргызстанга “Ага-Хан» өнүктүрүү уюмунун негизги өкүлдөрү ханзаада Рахим Ага Хан V, ханзаада Али Мухаммад Ага Хан, ханзаада Хуссейн Ага Хан жана ханыша Фарин Ага хан келди.

Бул конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев тосуп алды.

Бүгүн, 15-сентябрда Кыргызстанда биринчи жолу архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгы тапшырылат. Коомдук лекциялар, көргөзмөлөр уюштурулуп, 16-сентябрда академиялык семинар өткөрүлөт. Архитектура тармагындагы эң беделдүү эл аралык Ага Хан сыйлыгы үч жылда бир берилет жана байге фонду 1 миллион АКШ долларын түзөт.

Иш-чара Кыргызстан жана “Ага Хан” Өнүктүрүү уюмунун тең төрагалыгы алдында өтүп, ага дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген 150дөн ашуун расмий өкүлдөр, архитекторлор жана окумуштуулар катышат. Сыйлык тапшыруу аземи Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат, буга чейин 1992-жылы Борбор Азия боюнча биринчи жолу Самарканд шаарында (Өзбекстан) уюштурулган.

Быйыл Кыргызстан менен “Ага Хан” Өнүктүрүү Уюмунун кызматташтыгына 25 жыл болду.

 

18