Россиянын Нижневартовс аймагында, хиджап кийген аялдын жолдошу жубайын караган эркек гинекологду сабап салды. Окуянын тасмасы интернет тармагында таркап, кызуу талкуу жаратууда.
Аял гинекологко хиджап кийип келген, гинеколог дарыгер аялдын колун, бутун жана ичин караган. Соңунда аялдын жолдошу кабинетке атырылып кирип, дарыгерди бир нече жолу муштап жиберген. Тасмадан дарыгердин мурду канап жатканын байкоого болот, аны тез жардам алып кеткен.
Ал эми аялдын жолдошун милиция кармап, бейбаштык боюнча иш козгогон.