“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлүгүнөн 38 жаштагы жаран баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын натыйжасында Бишкек шаарынын А.Н.М. аттуу тургуну радикалдык көз карашынан баш тартты. Ал 2022-жылдан бери “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтордун активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон.
Аталган жаран тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдирүү менен жарандарды мыйзамсыз чакырыктарга алданбоого чакырды.