7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн тыюу салынган адабияттары табылды

614

«Хизбут-Тахрир» ДЭУ экстремисттик жашыруун уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн тыюу салынган адабияттары табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-майда Каракол шаарынын Аксуу районунда «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жашаган жерлерине санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында тыюу салынган адабияттар жана баракчалар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөр (флеш-карталар, дисктер) табылып алынды.

Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча тергөө органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кылмыштардын негизинде катталган жана азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, «Хизбут-Тахрир» ДЭУ иш-аракеттердин башка фактыларын жана жашыруун ячейкалардын активдүү мүчөлүн аныктоого багытталган иш-чараларынын комплекси уюштурулду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

615