7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ичимдик ичип алып ИИМге баш бербеген кызматкер жумуштан кетти

249

Ичимдик ичип алып ИИМге баш бербеген кызматкер жумушунан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин, интернет тармагында К. у. А. аттуу милиция кызматкеринин мас абалында жүргөн видеосу тараган. Анда ал кайгуул милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган учурда жаңжал чыгарып, алардын мыйзамдуу талабына баш ийбей, качууга аракет кылганы көрсөтүлгөн.

Бул окуядан кийин тиешелүү кызматтык иликтөө дайындалып, анын жыйынтыгында К. у. А. ички иштер органдарынын кызматтык тартибин одоно бузганы, ошондой эле мекеменин аброюна шек келтиргени аныкталган. Натыйжада, ал терс негиздер менен кызматтан бошотулду.

«ИИМ мындай фактыларга карата туруктуу мыйзамдуулукту ырааттуу карманат. Мыйзамды же кызматтык тартипти бузган ар бир учур кызматкердин наамына жана кызмат ордуна карабастан, катаал жана адилеттүү каралат»,-деп айтылат маалыматта.

250