7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ичин жарып, «полный» аппаратын алып кетти». Сузакта жалган маалымат тараткан жаран аныкталды

3394

Сузакта WhatsApp социалдык тармагында жалган маалымат тараткан жаран аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин “WhatsApp” социалдык тармагында Сузак районунун аймагында массалык түрдө балдар уурдалып жатат деген үн жазуу тараган. Ал үн жазууда белгисиз аял төмөндөгүдөй сөздөрдү сүйлөгөн:

“Жаңылык! Биз жакта аябай бала уурдалып жатат. Сузакта кечинде дагы 2 бала уурдалыптыр. Ошол менен бешөө, бешөөнүн ичинен төртөө дайынсыз. Бирөөнүн Кызыл-Байрак, Благовещенканын адырынын түбүнөн ичин жарып, “полный” аппаратын алып кетти. Жүрөк, бөйрөк ушуларын алып кетиптир. Өзүнүн ичек-чабагы жок ошол жерден өлүгү табылыптыр. Калгандарын таппай жатышат. Ошко чейин издеп барышты. 2 аял уурдап жатат экен.

Сүрөтү менен чыкты. Мен сабак берген класстан 1 окуучу жок. Биринчи ошол жоголду. Анан калгандары жоголду. “Айбек” мектебинен 1 баланы көтөрүп качып бараткан жеринен элдер көрүп калып кыйкырып, машинасына жетейин дегенде таштап коюп качып кетип калыптыр. Ошол, 5 бала жоголуп, кыямат. Элдин баары балдарын мектепке жөнөтпөй. Жалаң 3-4-5-класстын балдары уурдалып жатат.”

Бул үн жазуу социалдык тармактарда башка тайпаларга да тарап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн. Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) жана Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул үн жазууну жаздырып “WhatsApp” тайпасына тараткан Сузак районунун 67 жаштагы тургуну А.К. экендиги аныкталды.

Ал бул үн жаздырууну өзүнүн уулуна жөнөткөндүгүн, ал небересине жөнөтүп, небереси башка тайпаларга бөлүшүп жибергендигин, ал жактан тарап кетишин билбегендигин, жасаган ишине өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан кечирим сурады.

Бул факты Сузак РИИБдин МЭЖне текшерүүнү талап кылган материал болуп катталып, учурда алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3395