7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИГИЛ картасы боюнча Орто Азия жок, Талибдер күчтөнсө Кыргызстанды эмне күтөт?

12438

Бүгүн, 16-август Ооганстандын бийлиги кулап, Талибан кыймылы борбор калаасы Кабулду басып алды. Ооганстандын  расмий Президенти Ашраф Гани өлкөдөн качып кетти жана бул аракетин, «Өлкөдө бей күнөө элдин каны төгүлбөсүн» деген ниети менен түшүндүрдү. Анын артынан Оогандын аскерлери, чет элдик жарандар жана жай тургундар да өлкөсүн таштап качуу аракетинде.  Аскерлер 5 учак менен качып чыгып, Тажикстанга келип конгон. Бул өлкөдөн жарандарын алып чыгып кетүү үчүн ар кайсы өлкөдөн учактар көнүп, аэропортунда башамандык, учакка батпай, бордко жабышкандардын тасмасы интернетте желдей тарады.

Бул арада Талиб кыймылынын лидерлери ак үйүн ээлеп, бийликти колго алганын жана согуш токтогонун жарыялашты. Алар кетем деген чет элдиктерге тоскоолдук болбосун, калам десе каттоодон өтүшү керектигин эскертти.

Саясат таануучу эксперттер жана Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили, Ооганстанда бийлигин бекемдеген Талибдердин кийинки максаты Борбор Азияны багындырууга багытталаарын айтууда.  Белгилүү болгондой алар 20 жылдан бери, расмий бийлик менен согушуп, өз бийлигин, «Ислам эмиратын» түзүү ниети бар экендигин билдирип келишкен. Бүгүн алар максатына жетип, Ооганстанды багындырды. Эксперттер, Талибан ушуну менен эле токтоп калаарынан күмөн санайт.

Айрымдар, ИГИЛ га (Кыргызстанда тыюу салынган террористтик уюм) тиешелүү делген картаны жарыялады.

Анда Орто Азия «Хурасан» аталып, жаңы чек аралар түзүлгөн. Журналист Айбек Турдалиев, бүгүн Талибдер абакта жаткан бир нече жан кечтилерин азаттыкка чыгарганын, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан чек арага сак болушу керектигин эскертет.

«Ооганстанды Талибан басып алганына куштар болгон жердештер, баягы Зардалыга кирген 250 террористти эстеп койгула. Ошондо Өзбекстандын армиясы аларды кууп чыкпаганда, шорубуз шорподой кайнамак го. Азыр деле өзбектер бар үчүн регион көзөмөлдө турат. А биз кайсы арыбызга жыргап жатабыз? Кече жакында эле точиктер бизге баскынчылык кылганын унуттуңарбы? Согуш болбосун десек, ага даяр болушубуз керек. Бүгүн Талибандар Ооганстандагы Аль-Каиданын жан кечтилери отурган Пули-Чархи түрмөсүнөн аларды эркиндикке чыгарышты. Ал эми бул ИГИЛдин картасы боюнча Орто Азия жок«- деп жазат.

Президент Садыр Жапаров бүгүп, УКМК, Коргоо комитети жана ТИМге Ооганстандагы абалга тыкыр көз салып, ал жактагы кыргызстандык жарандарды алып келүү маселесин тез арада кароону тапшырды.

Ошол эле учурда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Ооганстандын жаштары Кыргызстанга окууга келсе болоорун, ага толук шарт түзүлөөрүн жарыялады.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12439