7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

III КМШ оюндарынын бокс боюнча беттешинде Эрбол Баратахунов күмүш медалга ээ болду

329

Күн мурун Азербайжандын Евлах шаарындагы Олимпиадалык спорттук комплексте III КМШ оюндарынын алкагында бокс боюнча финалдык беттештер болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык мушкер Эрбол Баратахунов 54 кг чейинки салмакта күмүш медаль тагынды.

Алгач Эрбол Баратахунов азербайжандык Ибрахим Бэдэллини 3:2 эсебинде жеңип, андан соң беларусь спортчусу Михаил Мельниченкону 5:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган.

Чечүүчү беттеште Баратахунов өзбекстандык Бехрузжон Рахаталиевге 0:5 эсебинде жеңилип, III КМШ оюндарынын вице-чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, 28-сентябрда Азербайжанда башталган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) III оюндары 8-октябрда жыйынтыкталат.

Жалпысынан III КМШ оюндарында 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу күч сынашууда.

330