7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

III өспүрүмдөр Азия оюндары: 2 кыргызстандык спортчу күмүш медаль алды

266

Кыргызстандык спортчулар III өспүрүмдөр Азия оюндарынан күмүш медаль менен кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 22-октябрда Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарында өтүп жаткан III Өспүрүмдөр Азия оюндарында байгелүү орундарды камсыздаган кыргызстандык спортчулар мекенине кайтып келди.

Алар Кыргызстандын атынан кураш боюнча кыз-келиндер арасында 70 кг салмак категориясында күч сынашып, күмүш медаль жеңип алган Саниет Таалайбекова жана пенчак силат боюнча 59-63 кг салмак категориясында экинчи орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болгон Темир Бикбоев.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Эмиль Заярко, ошондой эле алардын жакындары тосуп алды.

Белгилей кетсек, III өспүрүмдөр Азия оюндары 22-октябрдан 31-октябрга чейин өтөт.

267