7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Фейк аккаунт менен массалык баш аламандыкка чакырып жүргөн журналист камака алынды

11

«Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдарды жарыялаган А.А. аттуу журналист кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2026-жылдын 9-мартында социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында аныкталган.

Аталган факт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан, «Даниэль Жоошбаев» аттуу жалган аккаунттун ээси жана колдонуучусу журналист 1976-жылы туулган А.А. экендиги аныкталып, кармалган.

 

2026-жылдын 10-мартында А. А.нын жашаган жерин тинтүү учурунда кылмыш иши үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон бир катар техникалык каражаттар жана буюмдар табылып, алынган. Алардын катарында уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер жана башка буюмдар бар.

2026-жылдын 11-мартында шектүү А. А. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

 

12