7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: «Коопсуз өлкө»долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекстер уланууда

344

Ички иштер министрлиги «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекстерди ишке киргизүүнү улантып жатат.

ИИМ билдиргендей, 2026-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын, Бишкек–Кордай, Бишкек–Нарын–Торугарт, Балыкчы–Чолпон–Ата–Каракол, Бишкек–Ош автоунаа жолунун Чүй облусунун аймагында аппараттык-программалык комплекстер орнотулуп, ишке берилди.

Бул комплекстер коопсуздук курун тагынбоону, карама-каршы тилкеге чыгууну, ылдамдыкты ашырууну, жол белгилеринин талаптарын аткарбоону жана төлөнбөгөн айып пулдарды аныктайт.

Комплекстер көп функционалдуу болуп саналат. Тактап айтканда автоунаа жогорку ылдамдык менен өтсө дагы, мамлекеттик номурун, кур тагынбаган айдоочуну сапаттуу кылып тартып калат», — дейт ИИМ.

345