7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ «Коргоо ордери» тутумун ишке киргизди

124

Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча убактылуу коргоо ордерлерин, тобокелдиктерди баалоо протоколдорун электрондук эсепке алууга жана коргоо ордерлеринин шарттарынын аткарылышын санариптик көзөмөлдөөгө багытталган «Коргоо ордери» жаңы автоматташтырылган маалыматтык тутумунун пилоттук негизде ишке киргизилгенин билдирет.

Долбоорду ишке ашыруу үй-бүлөлүк зомбулуктан жарандарды коргоо жана сактоо боюнча ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн модернизациялоого жана санариптештирүүгө багытталган. Бул долбоор үй-бүлөлүк зомбулуктан жарандарды коргоо жана сактоо боюнча ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн модернизациялоого жана санариптештирүүгө багытталган.

Буга байланыштуу, министрликте ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын, Коомдук коопсуздук кызматынын, Бишкек шаарынын ИИББнын өкүлдөрүнүн, ошондой эле иштеп чыгуучунун — Башкы прокуратуранын алдындагы «Укук» МИнин жана «Кыргыз Республикасында кылмыш-жаза сот адилеттиги жаатындагы маалыматты интеграцияланган башкарууну илгерилетүү» долбоорунун экспертинин катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү.

Талкуунун жүрүшүндө тутумду ишке киргизүүнүн акыркы этаптары каралып, Кыргызстандын ички иштер органдарынын пилоттук бөлүмү катары аныкталган Бишкек шаарынын Биринчи май районунун РИИБдин инфраструктурасынын жана өздүк курамынын даярдыгы бааланды.

«Коргоо ордери» тутумун ишке киргизүү мамлекеттик санариптик трансформация программасын ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат.

 

125