7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ мушкер Биволдун мурунку жубайынын кемсинтүү сөздөрүн иликтеп баштады

331

ИИМ социалдык тармактарда тарап жаткан мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы тарабынан ар улуттун өкүлдөрүнө карата айтылган кемсинтүү сөздөрүнө карата алдын ала иликтөөнү баштады.

Белгилей кетсек, буга чейин мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы унаа айдап бара жатып, ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видео тараган.

Ведомствонун маалыматына караганда, мындай аракеттерге жол берилгис жана улуттар аралык сый-урмат жана сабырдуулук принциптерине карама-каршы келет.

«Ар бир жаран адеп-ахлак жана мыйзам нормаларын сактоого, кастык козутууга жол бербөөгө милдеттүү.

Азыркы учурда аталган факты катоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

332