7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Телефон шылуундарынан сак болгуңуздар!

465

Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнө жана 102 кызматтарына аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн баштай телефондук алдамчылык   фактылары боюнча билдирүүлөр  келип түшүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин тийиштүү кызматтары ал кайрылууларды каттоого алып, алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган кеңири ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Телефон шылуундарынын иш-аракеттеринин схемасы жөнөкөй эле. Жарандардын телефон номерлерине шылуундар байланышка чыгып, туугандары же болбосо күч органдарынын, саламаттыкты сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери болоорун айтып, кырсыкка учураганын (жол кырсыктары) тууралуу кабарлап, курьерлер аркылуу акча жөнөтүүнү талап кылышкан. Жабыр тарткан жарандардын арасында, чалгандардын көрсөтмөсү боюнча, шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча каражаттарын жөнөткөндөр дагы бар.

Өз кезегинде милиция жарандардан мындай мүнөздөгү чалуулар келип түшкөн учурда сак болууну, кабарды өзүңүз так текшерип, жакындарыңыз менен байланышып тактоону сунуштайт.

Чалган шылуундардын талаптарын аткарууга шашпаңыз жана күнү-түнү 102 кыска номери жана милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө токтоосуз кабарлаңыздар.

466