7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ терезелерди ачык калтырбоо керектигин айтты

388

Күн жылыганда балдардын терезеден кулап кетүү коркунучу жогорулайт. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө кайрылып, балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар сунуштарды берди:

  • балдарды ачык терезеси бар бөлмөдө кароосуз калтырбаңыз;
  • терезелерге атайын кармоочу же чектөөчү каражаттарды орнотуңуз;
  • баланын өз алдынча терезеге чыгып кетишине жол бербөө үчүн эмеректерди терезеге жакын жайгаштырбаңыз;
  • балдарга ачык терезенин кооптуу экенин дайыма түшүндүрүп туруңуз.

Чымын-чиркейди өткөрбөөчү торлор баланын салмагын көтөрүүгө ылайыкташтырылган эмес жана кулап кетүүнү алдын албайт. Мындай торго таянган бала оңой эле терезеден кулап кетиши мүмкүн. Мындан улам балдардын коопсуздугун камсыздоодо чоңдор жоопкерчиликтү болушу зарыл. Кыска убакытка баланы көзөмөлсүз калтыруу кайгылуу кесепеттерге алып келиши ыктымал.

389