7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: ТИМдин кызматкеринин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

600

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Бахтияр Шакировдун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу агенттикке Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 2021-жылы 1-апрелде саат болжол менен 00:14 чамасында 102 кызматына Эне-баланы коргоо улуттук борборунан болжол менен 40 жаштардагы адам каза болгону тууралуу чакыруу келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ИИБ шаардык милициясынын экинчи бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу барганда алгачкы маалыматтар алынган, анда 2021-жылы 31-мартта болжол менен 22:30дар чамасында 1982-жылы туулган Ш.Б. асма укол алуу үчүн өзүнүн дары-дармектери менен аталган ооруканага келген. Медайым ага асма укол сайгандан кийин ал өзүн жаман сезип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай ал эсине келбей жатып ошол жерде каза болгон.

Аталган факт Ленин райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Мындан тышкары, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн зарыл болгон бардык соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, мындан мурда “Кабар” маалымат агенттигине республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Бахтияр Шакиров SinoPfarm вакцинасын алгандан кийин каза болгондугу тууралуу маалыматты жокко чыгарган.

Өз кезегинде Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун эксперттеринин маалыматы боюнча, Ш.Б.нын денесин кароодо вакцинага мүнөздүү издер табылбагандыгын билдирет.

Белгиленгендей, экспертизанын акыркы жыйынтыгы 14 күндүн ичинде чыгарылат.

“Бардык жарандарды, андан тышкары, маалымат агенттиктерди такталбаган маалымат таратуу менен коомчулукту адаштырбоого жана элдин арасында дүрбөлөңгө түшүүсүнө жол бербөөгө чакырабыз. Мындан тышкары, айрым адамдарга атайылап туура эмес маалымат таратууга кылмыш иши каралганын эске салабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон учурда коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуунун жалгыз жолу вакцинация экенин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601