7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин 119 кызматкери жазаланды. Алардын 66сы жетекчилер

685

Кызматтык милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн жетекчилерге тартип жазалары берилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

3-ноябрда ИИМдин жыйындар залында Ички иштер органдарынын 2023-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү.

Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн тогуз айдын жыйынтыгы менен жалпы 119 кызматкер, анын ичинен 66 жетекчи кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди. Айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү жыл жыйынтыгына арналган отурумда карала тургандыгы белгиленди.

Бүгүнкү коллегиянын чечиминин аткарылышы ИИМдин Башкы Штабы тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы эскертилди.

“Коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын белгиленди. Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин мыйзам чегинде коргоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн”, — деп баса белгиледи Улан Ниязбеков, коллегияны жыйынтыктап жатып.

 

 

686