7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери үчүн жаңы казарма ачылды

468

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы казармасынын ачылыш аземине катышты.

«Урматтуу жоокерлер жана офицерлер! Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары! 

Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон мезгил аралыгында дүйнөлүк коомчулук арасында өз ордун таап, көптөгөн мамлекеттер менен теңата мамиле түзүп, карым-катнаш жүргүзүп келүүдө.

Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги жарандарыбыздын турмуш-шартын жакшыртууга, алардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө болгон аракетин жумшап жатат. Мындай олуттуу аракеттер күч түзүмдөрүнө дагы багытталып келет. Себеби эгемендүүлүгүбүздү бекемдөөдө, эл-жерибизди коргоодо күч түзүмдөрүнүн, анда кызмат өтөгөн жоокерлерибиздин орду канчалык экенин соңку мезгилде чек ара аймактарында орун алган окуялар даана көрсөттү.

Биз акыркы кезде күч түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдап, күчтөндүрүү аракетиндебиз. Аскер кызматчыларынын айлык маяналарын жогорулатып, аларды турак-жай менен камсыз кылууга, жоокерлердин кызмат өтөөсү үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткан маал. Ошентсе да аскер кызматчыларынын ишмердигинде кандай гана ийгиликтер болбосун, алардын артында талбаган эмгек, тер төккөн мээнет, майтарылгыс эрк тураары баарыбызга белгилүү.

Бүгүн биз бардык шарттары менен курулган казарманын салтанаттуу ачылыш аземинин алдында турабыз. Жаңы жыл алдындагы мындай жакшы саамалык менен жалпы аскер кызматчыларын чын дилимден куттуктайм. 

Мындан ары бул жерге коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кыла турган Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Бишкек шаарында жайгашкан 702 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жайгаштырылат. Өздүк курам үчүн кызматка зарыл болгон бардык шарттар түзүлүп, материалдык-техникалык базасы да чыңдалды. Мамлекеттик резиденциянын аймагында Ички аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери алдыга коюлган милдеттерин так аткарып, Мекен үчүн өтөгөн кызматын дагы арттырып, сапатын ого бетер жогорулатат деп ишенем.

Урматтуу аскер кызматчылары! Учурда жалпы эле коопсуздук маселеси олуттуу көйгөйлөрдүн бири экендиги баса белгилеп кетким келет. Бул багытта баарыбыз биримдикте, чогуу аракет кылсак, сөзсүз оң натыйжасын берет.

Элибиздин, жерибиздин тынчтыгы үчүн ак кызматын кылып, коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздап келаткан Ички аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамына — сиздерге ыраазычылык билдирем.

Силердин ант берип, Мекен алдындагы кызматыңарды эл билет, мамлекет сөзсүз баалайт.

Эми салтанаттуу ачылып жаткан жайыңар ак жолтой болсун!

Бул жайда кызмат өтөгөн ар бир жоокерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, дем-күч каалайм. Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болсун!

Коомдук тартип жана коопсуздукка багытталган ак кызматыңарды уланта бергиле!».

Андан соң Мамлекет башчысы генерал наамдарын Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге, ички иштер министринин 1-орун басары Адылбек Бийбосуновго жана ички иштер министринин орун басарлары — Эркебек Аширходжаев менен Сүйүнбек Ниязбековго ыйгарды.

Мамлекет башчысы Ички иштер министрлигинин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнө сыйлыктарды жана автоунааларды тапшыргандан кийин 100 аскер кызматкерине ылайыкталган жаңы казарманы көрүп чыкты.

Жаңы имараттын курулушу Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын август айында башталып, 3 айдан кийин пайдаланууга берилген.

Ага бөлүнгөн аймакта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин өздүк курамы жайгашат.

Казарманын аймагында өздүк курамды тейлөө үчүн бардык шарттар түзүлүп, материалдык-техникалык базага өзгөчө көңүл бурулуп, машыгуу залы, спорт аянтчалары курулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

469