7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы пара алуу менен кармалды

234

2025-жылдын 10-декабрында КР Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын полковниги А.Т.А. кол алдындагы кызматкерлерден системалуу түрдө пара алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, А.Т.А. 2024-жылдан тартып Балыкчы шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ушул эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана башка аффилирленген жак аркылуу мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенгени аныкталган.

Акча каражаттарын системалуу түрдө чогултуу милиция кызматкерлеринин жумуш убактысынан тышкары ар кандай объектилерди кайтаруу боюнча эмгек ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөм катары ишке ашырылган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар КР ИИМинин башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.

235