7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү жабырлануучунун өлүмү тууралуу жалган маалымат таратпоого чакырды

249

ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү жабырлануучунун өлүмү тууралуу жалган маалымат таратпоого чакырды. Бул тууралуу ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-февралда болжол менен 15:28 чамасында Москва облусунун Красногорск шаардык округунун Павшинский бульвар көчөсүндөгү №12 үйдүн жанында белгисиз адамдар 24 жаштагы Р.А.га белгисиз предмет менен кол салган.
24 жаштагы Р.А. Кыргызстандын жараны болот жана учурда ооруканада. Абалы туруктуу.


Бул факты боюнча Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округу боюнча Тергөө башкармалыгы Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмү (Курал катары колдонулган куралдарды жана предметтерди пайдалануу менен жасалган денеге атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Азыркы учурда Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округу боюнча Тергөө Башкармалыгы аталган кылмыш ишин жасоого шектелген адамды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Айрым жарандар жабырлануучунун сүрөтүн коюп, аны өлтүрүп кетишти деген жалган маалыматтарды таратышууда.


Ушуга байланыштуу, жарандардан социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратпоого жана ызы-чууга алдырбоого чакырат. Жарандардан тергөөнүн жыйынтыгын күтүүнү жана чындыкка дал келбеген маалыматтардан карманууну суранат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

250