7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ийгилик! Бүгүн Жоламан менен Мээрим беттешке чыгат

625

Бүгүн Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында спорттук күрөш боюнча мелдештер башталат.

Турнирдин биринчи күнүндө 60 кг, 68 кг жана 130 кг салмак категориясына чейинки грек-рим, эркин күрөш боюнча финалисттер аныкталат.

Кыргызстандын атынан Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда беттештерин баштап, килемге чыгышат.

Балбан Жоламан Шаршенбеков казакстандык спортчу Айдос Султангали менен кез келет. Ал эми Мээрим Жуманазарова монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күч сынашат.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча 19:00дө, жарым финал болсо, 01:00дө өтөт.

 

 

626