7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Илим Карыпбеков: Шеринени эмес, саякатты планда

489

Илим Карыпбеков: Шеринени эмес, саякатты планда

Өнүккөн коом, өнүккөн өлкөлөрдө кылымдар бою акырындап өнүгүп жатып, бул дүйнөгө бир жолу эле келет экендигин жөн эле окуп, акылдуулардын оозунан укпастан, өзүнүн жашоосунда кадимкидей эле дайыма эстеп, эске алып жашашат. Алар бул жашоо аяктап бара жатканда, артка өтүп кеткен жашоосуна кылчайып, «Кап, ушуну кылбай калыптырмын» деп кейий турган нерселердин негизгилеринин бири бул саякат экенин билип, кичинекей кезинен баштап, картайганга, же жашоосунун акыркы демине чейин саякатты пландаштырып, тапкан акчасын ошого коротуп, жыргап жашап келишет.
***
Биз, кыргыздар саякатты али дагы жашообуздун приоритеттүү баалуулуктарына киргизе элекбиз. Саякат биздин баалуулуктардын арасында акыркы тепкичтерде турат. Биринчилерде той, аш, катыш-билиш, шеринелер турат. Саякат деп сөз көтөрсөң миң шылтоо, дагы табылат, «Сендей акчам жок да, элдин баары эле сендей эмес да» деп да жемелешет. Жакшылап карай келсең, кыргыз байкуш өзүнүн айылынын тегерегинен тыңыраак чыга элек. Өзүнүн аймагындагы керемет болгон көлдү, төрдү, тоону, жайлоону көрө элек, көрбөй өтүп кетет. Мамлекет ичинде толук саякаттап чыгыш үчүн ашып кетсе бир жылкынын куну кетет, а той аштарга бир кыргыз өлгүчө 100 жылкы жеп коротот.
**
Кыргызым менин! Саякат бул жөн эле эс алуу менен чектелбейт. Саякат билим, тажрыйба алып келет. Аң сезимиңди кеңейтет. Жашоо мүнөзүңдү өзгөртүп өнүктүрөт. Жан дүйнөңдү байытат! Той, аш, катыш-билишти эмес, саякатты планда. Балдарыңа саякатты үйрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

490