7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине имплант койду

496

Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Масктын Neuralink компаниясы адамдын мээсине имплант койду.

Анын айтымында, бул түзмөк ээсине ойдун күчү менен смартфонду же компьютерди башкаруу мүмкүнчүлүгүн берерин жана биринчи кезекте колу-буту иштебей калган адамдар үчүн түзүлгөнүн билдирди.

“Элестетип көрүңүз, Стивен Хокинг текст жазган адамдан же аукциондун алып баруучусунан тез сүйлөп калса кандай болмок эле. Биздин максатыбыз да ушундай”, — деди ал.

Маск ошондой эле мындай кызматтын баасы болжол менен 60 миң доллар болушу мүмкүн экенин айткан.

2023-жылдын сентябрында Илон Масктын нейротехнологиялык компаниясы Neuralink мээ имплантын имплантациялоо боюнча клиникалык сыноолорго ыктыярчыларды издей баштаган. Neuralink 2016-жылдан бери иштеп келе жатат, анын максаты шал оорусуна кабылган адамдар кайра кыймылдай алышы үчүн мээ жана жүлүн жаракаттарынын кесепеттерин жоюуга жардам бере турган чипти түзүү.

 

 

 

497