7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Иманкулов Борбордук Азиянын жана Индиянын Коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолукту

395

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында өткөрүлгөн «Индия — Борбор Азия» форматындагы улуттук коопсуздук кеңешчилери — коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө белгилегендей, иш-чаранын форматы кандайдыр бир мамлекеттер тобун обочолонтуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө кызыкчылыгында кеңири аймактык кызматташтыктын уландысы болуп саналат.

Ал Борбордук Азия жана Индия мамлекеттеринин ортосунда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында, ошондой эле, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин жана баңги аткезчилигинин, өзгөчө Афганстандын аймагынан келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда жалпы кызыкчылык бар экенин баса белгиледи. Борбордук Азия мамлекеттери Индия сыяктуу эле терроризмди чек арасы жок коркунуч катары көрүшөт.

Марат Иманкуловдун айтымында, кыргыз-индия мамилелери эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлордо оң жагына өнүгүүдө. Ошондой эле, Кыргызстан менен Индия достугу бекем жана эки тараптуу мамилелер өнөктөштүк мамиледе курулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

396