7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Империя пиццы» кафесине жалпы канча айып пул салынды?

702

«Империя пиццы» кафесинин төрт тамактануу түйүнүнө 36 миң сомдук айыппул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамад Мурзашев «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда башка түйүндөргө да жоопкерчилик каралып, алардын ичинен эң көп сумма 7,5 миң сомду түзгөн.

«Лабораториялык иликтөөлөрдүн жыйынтыктары толук чыкты. Учурда алардын негизинде отчет даярдалып жатат. Жалпысынан «Империя пиццы» кафесинин төрт тамактануучу жайына 36 миң сомдук айыппул салынды»,-дейт Мурзашев.

Жапырт уулануу фактысы боюнча Бишкек шаардык милициясы “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Эскерте кетсек, уулангандар 22-23-24-октябрь күндөрү «Империя пиццы» кафесинен тамак алып жеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

703