Индияда үч крокодил дарыянын ортосунда калган итти сактап калды. Бул окуя ушунчалык адаттан тыш көрүнгөндүктөн, жапайы жаратылышты изилдөөчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.
Taxa илимий басылмасы жакында жарыялаган отчётто Индиянын Махараштра штатында болгон окуя тууралуу айтылат. Жапайы иттердин артынан кууган ит Савитри дарыясына түшүп кеткен.
Үч крокодил итти көрүп, ага жакындай башташкан. Кызыктуусу, жырткычтар жаныбарды жутуп салбастан, аны жөн гана коопсуз жерге түртүп чыгарып койгон.