7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индиянын президенти Садыр Жапаровду куттуктап, кыргыз элине өнүгүүнү каалады

809

Индиянын президенти Рам Натх Ковинд президент Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын  жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Биздин эки тараптуу мамилелерибиз тарыхый жана цивилизациялык байланыштарга негизделет. Акыркы отуз жылдын ичинде биздин мамилелер ар кайсы тармактарда ургалдуу өнүгүп келе жатат. Үстүбүздөгү жылдын январь айында “Индия-Борбордук Азия” механизмин институтташтыруу биздин мамилелерди аймактык өнүгүүнүн жана коопсуздуктун жаңы бийиктиктерине көтөрдү.

Биздин мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берерине ишенем”, — деп айтылат куттуктоодо.

Индиянын президенти Садыр Жапаровго чың ден-соолук жана бакубатчылык, ошондой эле КРнын дос элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

810