7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эл аралык деңгээлде аброюбуз түшөт». Министрлик Сулайман-Тоо боюнча жооп берди

580

Ош шаардык мэриясы быйыл туризмге басым жасап, Ошту Улуу жибек жолунун туристик провайдерине айлантууда.

Мындан улам, туристтик борбор катары Сулайман-Тоону муниципалдык менчикке алууну туура көрүшкөн. Вице-мэр тоонун айланасы кароосуз калып, жай мезгилинде эле кунарсыз абалга кептелерин, тазалык сакталбашын жүйөө келтирди. Мэрия өз менчигине өткөрүү менен туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүп, инфраструктурасын жакшыртуу үстүндө иш алып баруунун ниетинде.

“Туристтер үчүн биринчи кезекте тазалыгын карашыбыз керек. Андан сырткары жолдору, саргайып жаткан чөптөрү, жашылдандыруусу жана башка көйгөйлөрү бар. Башкача айтканда акча бөлүп көңүл буруу, аткаруу зарыл” – дейт Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов.

Анткени менен Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жетекчилиги мэриянын балансына өткөрүлүүсүнө каршы чыгышууда. Алар мэрияга өткөрүлсө, улуттук макамынан ажырап ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калуусу мүмкүндүгүн, дүйнөлүк тизмеде туруу үчүн республикалык маанидеги деңгээлде статусу сакталышы керек деп эсептешет.

Сулайман-Тоо улуттук археологиялык тарыхый музей комплексинин жетекчисини орун басары Хайрулло Ибайдиллаев инфра түзүмүн жакшыртуу үчүн каражат көйгөйү болуп келгендигин моюндап, бирок быйыл гана дүйнөлүк банктан 4 миллион доллар бөлүнүп бул маселе чечилгенин билдирди.

Ал эми жашылдандыруу боюнча айтылган сындарга тарыхый жайдагы эстеликтердин сакталышы үчүн ар дайым сугаруу мүмкүн эмес деп түшүндүрдү.
Тарыхчы Жолдошбек Бөтөноев Сулайман-Тоо талашка түшүүсүнүн дагы бир себеби дал ушул дүйнөлүк банк бөлгөн 4 млн доллар каражат болушу мүмкүндүгүнөн шектенет.

“Сулайман-Тоо мэриянын балансындабы же министрликтинби андагы көйгөйлөр жетекчинин аракети менен гана чечилет. Туура мэриянын жакшы пландары бардыр бирок ал мыкты жетекчисиз ишке ашпайт. Балким быйыл бөлүнгөн ири каражат кызыктырып жаткандыр, балким мэрия дал ушул каражатты туура пайдалануу планы бардыр. Канткенде дагы туристтик борборго айлантып алыстан Бабурдун мечити, андагы кыргыздын желеги көрүнгүдөй кылып жарыктандырып бир топ иштер жасалышы керек” – дейт Бөтөнөев.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова министрлик Сулайман-Тоонун мэриянын менчигине өткөрүүгө каршы экендигин билдирди.

“Азыр бул процесс толук чечиле элек. Ош мэриясы катты бизге эмес, министрлер кабинетине жазган. Ал эми биз өз позициябызды билдирдик. Азыр сулайман-Тоо маданият министрлигинин балансында калганы туура. Тарыхый маданий объекттерди коргоо боюнча 2 негизги мыйзам бар. Биринчиден Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун курамына “Ыйык тоо” деп кирген. Мында Кыргызстан тарыхый маданий жайлардын талаптарын сактайбыз деп эл аралык конвенцияга кол койгон. Бул эл аралык конвенциядан чыгып кетүү өлкөнүн аброюн түшүрөт. Экинчи маселе өкмөттүн өзүнүн да токтому бар. Сулайман-Тоонун буфердик зонасы бузулуп кетпөөсү үчүн курулуштар курулбасын деп белгиленген. Ош мэриясы оперативдүү колдонууга деп сурап жатат.

Эгер чынында оперативдүү болсо анда Сулайман-Тоо министрликтин балансында калып, көзөмөл дагы бизде болот, анткени министрлик андагы 34 миңден ашуун экспонанттардын жоопкерчилигин алганбыз. Ал эми көрктөндүрүү, тазалоо, инфратүзүмүн жакшыртууну жергиликтүү бийлик аткара берет. Бирок, тарыхый жайды табигый сактоого коюлган талап бузулбашы керек. Эми бул маселеге атайын комиссия түзүлүп,к арап чыгып чекит коёт”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581