Индонезияда айнек көпүрөдөн туристтер өтүп бара жатканда айнек сынып кеткен. Анын кесепетинен төрт адам кулап, алардын бири каза болгон. Бул тууралуу Tengritravel жазды.
Окуя шаршемби күнү саат 10:00 чамасында Борбордук Явадагы Банюмас районундагы Лимпакувус шаарында жайгашкан туристтик аймакта болгон.
«Туристтер баскан айнек сынып кеткенде, алардын экөө көпүрөнүн тирөөчтөрүн кармап турууга үлгүргөн, бирок калган экөө кулап түшкөн» — деди Баньюмаса полициясынын башчысы Эди Суранта Сайтпу.