7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Интернетте адамды мазактагандарга айып пул салынат. Президент мыйзамга кол койду

369

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 19-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп саналат.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти караган 1071-берене менен толуктап, бул жосундар үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу каралган.

Ошондой эле, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлөт, ал эми соттор аларды карайт.

370