7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК кызматкеримин деп тааныштырган шылуундардан сак болуңуз!

128

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды өздөрүн атайын кызматтын кызматкери деп тааныштырган шылуундар көбөйгөнүн эскертет.

Акыркы убакта алдамчылар жарандарга өздөрүн УКМК кызматкери катары тааныштырып телефон чалышууда. Алдамчылардын негизги максаты ар кандай манипуляция же коркутуу жолу менен жарандардын акча каражаттарын тартып алуу болуп саналат.

Алдамчылар ачык маалымат булактарынан жабырлануучу тууралуу маалыматтарды чогултуп, андан кийин ага чалышып, УКМК кызматкеринин же тергөөчүнүн атын жамынып, анын бардык акчасы коркунучта экенин айтып, аны коопсуз эсепке которууга же кызматкердин жеткирүүчүсүнө накталай берүүгө көндүрүшөт. Жабырлануучу ага УКМКдан телефон чалып жатканына ишенип, алдамчынын эсебине акча которот.

«Айрым учурларда шылуундар жарандарды УКМКнын тергөө бөлүмүнөн экендиги жана аларга кылмыш ишин козгоону пландап жатканы менен шантаж кылып, иш козгобош үчүн алардын эсебине белгилүү бир сумманы которууну талап кылышат. Анткени, азыркы учурда дээрлик көпчүлүгү улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен коркушат жана мүмкүн болуучу куугунтуктоолордон кооптонуп, алдамчыларга акча каражаттарын шексиз которушат. Бул өзгөчө Кыргызстандын ар кандай мамлекеттик органдарынын жетекчилигине тиешелүү. Заманбап технологиялар каалаган адамдын үнүн жасалмалоого мүмкүндүк берерин эске алып, алдамчылар ачык маалымат булактарында сүйлөгөн сөздөрүнөн үн үлгүлөрүн ала алышат», — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам УКМК элди деструктивдүү күчтөрдүн алдамчылык аракеттерине ишенбөөгө чакырат жана зарыл болгон учурда УКМКнын төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылууга чакырат: (0312) 66-04; -75, 62-65-04.

129