Министрлер кабинетинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл аттуу жаңы министрлик түзүлдү. Аны Динара Кутманова жетектемей болду.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети президент Садыр Жапаров сунуштаган Министрлер кабинетинин жаңы курамын карап, аны жактырды. Ага ылайык, инвестициялар министрлиги жоюлган.
Министрлер кабинетинин жаңы курамы:
- — Министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаров;
- — Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;
- — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Азиз Аалиев;
- — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;
- — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев;
- — Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;
- — Финансы министри — Алмаз Бакетаев;
- — Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
- — Юстиция министри — Аяз Баетов;
- — Транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев;
- — Энергетика министри — Доскул Мырзаев;
- — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова;
- — Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Кудайберген Базарбаев;
- — Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
- — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов;
- — Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
- — Билим берүү жана илим министри — Болотбек Купешев;
- — Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
- — Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;
- — Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев.