7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инвесторлордон ири өлчөмдөгү акчаларды алган «Мыйзамдагы ууру» кармалды

592

«Мыйзамдагы ууру» деп аталган жаран Камчы Асанбектин атына жамынып, россиялык инвесторлордун өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алганы боюнча тиешелүү маалыматтар алынганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылы Россиянын жараны «Айсео» ЖЧКсынын ээлери менен стратегиялык өнөктөштүк келишиминин алкагында, 14,0 млн АКШ долларынан ашык инвестиция тартып, Ысык-Көлдө коттедждик шаарчаны курууга жумшаган.

Бирок, Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттедждик шаарча курулгандан кийин алар Асанбектин кылмыштуу байланышынан пайдаланып, күч колдонуп, зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, инвестордун мүлкүн жана акча каражаттарын ээлеп алып, аны Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбурлашкан.

Учурда «Айсео» ЖЧКсынын ээлери жана башкы бухгалтер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул иш боюнча керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

593