7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ипотекалык банк ачуу демилгеси көтөрүлүүдө

754

Жогорку Кеңешке «Ишеним» фракциясынан депутат, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Айсара Абдибаева бүгүн, 6 — апрелде парламент радиосунда фракция жыйынында кабыл алынган жыйынтыктар менен тааныштырды.

Эл өкүлүнүн айтымында, 2020 – 2026 – жылдар аралыгында ишке ашырылып жаткан “Менин үйүм” турак – жай программасынын аткарылышы боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания тууралуу маалымат берди.

«Турак – жайга деп алынган насыялардын пайызы 4%га түшүрүлгөнү, элге бир топ жеңилдик болду. Бул бюджеттик системада иштегендерге тиешелүү. Ал эми башка тармактагы жарандар үчүн пайыздык ченем 8%. Бул деле жаман эмес», — деди депутат ипотекалык насыялоо тууралуу.

«Турак – жай алууга муктаждыгын билдирген 34 миңден ашык адам арыз берген. Алардын  1 — траншына жетүүчү сумманы тактап, бул суроону Бюджет комитетинен да карадык. Ушунча кишилерди бир жерден тейлөө максатында ипотекалык банк ачуу сунушу көтөрүлдү. “Ишеним” фракциясынын бул чечими коомчулуктагы пикирлерди эске алуу менен иштелип чыккан. Азырынча, ипотека жагынан насыялоо иштерине “Айылбанк”, “Керемет” банктары катышууда», — деди Абдибаева.

Ошондой эле ал алына турган турак – жайлардын баасын эсептөө иштери улуттук валюта менен жүргүзүлөөрүн, бул өлкө жарандарын долларга болгон көз карандылыктан коргоорун белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755