7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ираклий Кобахидзе Садыр Жапаровду Грузияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды

124

Бүгүн “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушуусу өттү. Тараптар анда эки мамлекеттин кызматташуусун мындан ары да жаңы деңгээлде улантууну макулдашты. Жолугушуунун алкагында ортодо бир катар документтерге кол коюлду.

Грузиянын өкмөт башчысы эки мамлекеттин ортосундагы саясий диалогду активдештирүү жана экономикалык байланыштарды кеңейтүү эки тарап үчүн тең маанилүү экенин айтты.

“Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык кызматташтык көп жылдардан бери уланып келүүдө. Бул жолугушуу жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ар тараптуу мамилелерди жана саясий өнөктөштүктү бекемдейт. Биз Кыргызстан менен соода-экономикалык, айыл чарба, туризм, маданият, спорт, экология жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө даярбыз”, — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Кохабидзе Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болушу менен куттуктап, президент Садыр Жапаровду Грузияга расмий сапары менен келип кетүүгө чакырды. Мамлекет башчысы өз кезегинде чакырууну кабыл алды.

125